Бүгүн, 19-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “ATBI EXPO-2013” аттуу автоунаа жана унаа тетиктеринин көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө 21-сентябрга чейин уланып, 22-сентябрь күнү эски аянтта байкерлердин, ретро жана спорттук унаалардын катышуусунда өтчү унаа фестивалы менен аяктайт. Уюштуруучулардын айтымында, мындай көргөзмө буга чейин 2006-жылы болгон. Бул ирет көргөзмө масштабдуулугу менен айырмаланып, ага 23 өлкөнүн дүйнөгө белгилүү болгон 32 бренди катышып жатат.