Ыргал Кадыралиева: «Кыргызстанда тигилген кийимдер «Made in KG» бренд белгиси менен гана экспортко чыгарылууга тийиш»

ЖКнын бүгүнкү, 19-сентябрдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева Кыргызстандагы жеңил өнөр жайында, анын ичинде кийим тигүү тармагында орун алган көйгөйлөргө токтолду. “Бизди өлкөнүн тигүүчүлүк тармагынын өнүгүп жатканы сүйүндүрөт. Ал эми кейиштүү жагы - ал ишканалардын көпчүлүгү көмүскө иштеп жатканында”,- деди эл өкүлү. Депутат Кыргызстанда тигилген кийимдер укук жактан колдоого алынбай, анын жол-жоболору улуттук ченемдик укуктук базада камтылбай калганына нааразычылыгын билдирди. Ошондон улам «Кыргызстанда тигилген» деген жалган белги менен коңшу мамлекеттерде өндүрүлгөн кийим-кече барган сайын көбөйүп жаткандыгын белгиледи. Айтымында, мындай жосун биздин мамлекеттин беделине шек келтирет. “Кыргызстанда тигилген кийим-кечеге «Made in KG» аталышындагы соода маркасы менен брендди берүү керек. Өкмөткө караштуу сапат жана стандартка байланыштуу мекемелерине тиешелүү ченемдик укук актыларын иштеп чыгып, ата мекендик кийим-кече өнүмдөрүн эл аралык деңгээлдеги стандарттарга киргизүү менен, аларды патенттештирүү тапшырмасын берүү зарыл. Кыргызстанда тигилген кийим-кече «Made in KG» бренд белгиси менен гана экспортко чыгарылууга тийиш”,- деди Кадыралиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан