Жалал-Абад. Облус өрт кырсыгынан 8 айда 35 миллион 744 сомдук зыян тартты
Жалал-Абад облусунда акыркы 8 ай ичинде 271 өрт кырсыгы катталды, бул көрсөткүч өткөн жылдагыдан 28 пайызга көп экенин билдирет. Муну облустук өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакытбек Нышанов билдирди. Айтымында, былтыр 8 ай ичинде 211 өрт кырсыгы болуптур. "Быйыл өрт кырсыгынан казынага 35 миллион 744 миң 901 сомдук чыгым келтирилди. Чыгымдын суммасы өткөн жылга караганда 33 пайызга аз",- деди Нышанов.