Жалал-Абад. Шаар көчөлөрүнө жол чырактар орнотулат

Жалал-Абад шаарына эл аралык уюмдардын биринин колдоосу менен заманбап үлгүдөгү 106 жол чырак орнотулат. Бул тууралуу 19-сентябрда шаардын Курулуш, транспорт жана коммуналдык чарба маселеси боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди. Айтымында, алынып келинген жол чырактардын 54 даанасы автоунаалар үчүн, 52си жөө адамдар өтүүчү көчө кесилиштерине коюлат. "Орнотула турган жол чырактардын баасы 5 миллион 112 миң сомду түзөт. Анын 1 миллион 533 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды",- дейт Темирбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан