Жантөрө Сатыбалдиев: "Кумтөр" боюнча "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүү оор болду"

Бүгүн, 19-сентябрда “Кумтөр” маселеси боюнча коомдук угуу учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр абдан оор болгондугун билдирди. Айтымында, “Кумтөрдүн” тегерегиндеги маселе 1993-жылдан бери коомчулукту кызыктырып келет. Чекит коё турган ишти былтыр депутаттык комиссия иштеп, андан соң мамлекеттик комиссия түзүлдү. Акырында анын ишин парламент жактырып, өкмөткө тапшырма берилген. “Канадалык тарап менен 6 ай сүйлөшүү жүрдү, 1993-жылкы, 2003-2004-2009-жылкы сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өткөндүктөн, бир дагы протоколдун жоктугу оорчулук жаратты. 2009-жылкы сүйлөшүү боюнча документ бар экендигин адистер айтышып, бирок маалымат ала албадык. Ошондой эле 12 консультантка суроо жөнөтсөк алардын экөө гана макул болуп, калгандары “Кумтөр” саясатташып кеткенин айтып, баш тартып коюшту. Cүйлөшүүлөр оор болду. Жогорку Кеңеш бул концепцияны колдосо, ар бир маселени деталдаштырып жазабыз. Экологияны, сатып алууларды көзөмөлдөгөн жана башка бир топ комитеттер болот”,- деди өкмөт башчы.   

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан