Качан?! Окурман, биз бүгүн бир чети кызыктуу, бир чети олуттуу суроонун тегерегинде сөз кылалы деп турабыз. Ушул макаланы окуп отурган ар бирибиз бул суроого кабылганбыз. Бирибиз суроо бергич, экинчибиз бул суроону уккан адам катары. Качан аял аласың (күйөөгө тиесиң)? Качан төрөйсүң? Качан уул төрөйсүң? Качан экинчисин төрөйсүң? Качан үй алып, адам болосуң? Качан оңураак жумуш табасың? Качандын башы да, аягы да көрүнбөйт. Муундан-муунга өтүп келе жатат. Бул суроонун тегерегинде психолог Гүлнара Тентиева менен маектешип, кызыктуу жооп алдык. Эгер сиз да “качан?” суроосунан тажап жүргөн болсоңуз, балким, бул макаладан пайдалуу жооп табасыз.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №928 санынан окуй аласыз.