Биз социалдык тармакта

"Белекке китептерди алып келишкен". КСДП Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө үй-бүлөсү менен жолугушууга уруксат берилбегенин маалымдады

Бүгүн, 17-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө ага үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Алмазбек Шаршеновичке үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууга уруксат берилген жок. Жубайы Раиса Атамбаева туулган күнүнө китептерди жана атайын майрамдык түшкү тамакты жактоочулар Сергей Слесарёв жана Замир Жоошевден берип жиберди. Азыр Алмазбек Шаршенович менен жолугушууга кирип кеткендерди күтүп жатабыз", - деди Жолдубаева.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап УКМКнын алдына КСДП партиясынын мүчөлөрү келишкендиги кабарланган.

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда 64 жашка чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dolbooruwka
2020-09-17 12:31:34
Ырас эле кылат киргизбей, кайтар дуйно деп ушуну айтат!!!
+2
Apyn8793
2020-09-17 12:54:12
Табалабагыла. Ар биринердин башынарга тушо турган нерсе бул деле. Жолуктуруп деле коюшса болмок, ансыз деле коп омуру деле калган жок.
+1
al-abu-kinesz
2020-09-17 17:41:01
Кайтар дуйно дейт! Садыр Жапаров жакындарынан айрылганда аяп койгон жоксунар го?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан