Биз социалдык тармакта

Темир тор артындагы 2-туулган күн. Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап КСДП партиясынын мүчөлөрү УКМКга келишти

Бүгүн, 17-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Аны куттуктап УКМКнын имаратынын алдына КСДП партиясынын мүчөлөрү келишти. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Депутаттар Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов жана Мухтар Айнакулов Алмазбек Шаршенович менен жолугушууга киришет. Биз экс-президентке жылуу каалоо-тилектерибизди жолдодук. СИЗО-1де Кой-Таш окуясы боюнча камакта отурган анын тарапташтары дагы куттуктоо жолдошту. Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Биз сиз менен аягына чейин болобуз!" - деп жазган Жолдубаева.

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда 64 жашка чыкты.

Алмазбек Атамбаевдин былтыркы туулган күнүндө аны куттуктап жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев жолугуп чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azizaziz
2020-09-17 15:28:51
Эл Атамбаев менен эмес биринчиден, экинчиден кылган кылмышына башы менен жооп берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан