Жалал-Абад. Шаарда 1773 жаш балага жөлөк пул берилет

18-сентябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүү боюнча кеңешме болуп өттү. Ага Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева билдирди. Анын айтымында, кеңешмеде Жалал-Абад шаары жөлөк пулдарды өз убагында, даректүү жеткирүү боюнча үлгүлүү деп табылыптыр. "Шаардын үлгүлүү деп табылышына социалдык кызматкерлердин жоопкерчиликтүүлүк менен иш алып барганы түрткү болду. Учурда калаа боюнча 267 үй-бүлө, анын ичинен 1773 жаш бала жөлөк пул алат",- дейт Раматиллаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан