Кыргыз Эл артисти, белгилүү композитор, аткаруучу Калыйбек Тагаев менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 18-сентябрда саат 10:00дө өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей, маркумдун сөөгү өзү жашаган үйдөн (Бишкек шаары, Малдыбаев көчөсү 5) чыгарылат.
Калыйбек Тагаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Эл артисти 16-сентябрда оорудан улам 80 жаш курагында кайтыш болду.