Биз социалдык тармакта

Эл артисти, обончу, аткаруучу Калыйбек Тагаев 80 жашында дүйнө салды

Кыргыз Эл артисти, белгилүү композитор, аткаруучу Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында каза болду. Маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы ырастап, музыкант кечээ, 16-сентябрда оорудан улам көз жумганын белгиледи.

Анын сөөгү 18-сентябрда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Музыкант 1940-жылы 14-апрелде Ат-Башынын Бирлик айылында туулган.

"Элмира", "Назгүлүм", "Долон", "Ат-Башым", "Жаштык вальсы", "Жаныбарым, Гүлсарым" чыгармаларына обон жаратып, аларды Канымгүл Досмамбетова, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шакеева аткарышкан. Мындан сырткары анын "Өмүрдү бирге сүргүм бар", "Классташтар вальсы", "Махабат арманы", "Асылым", "Көрөмбү сени кайра?", "Сүйгөнүм көлдүн ак куусу", "Таалайым сенде" деген ырлары бар.
120дан ашык обондордун автору Калыйбек Тагаев обончулардын республикалык кароо-сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү болгон. Анын 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Калыйбек Тагаев 1992-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамдарга ээ болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Калыйбек Тагаевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Raihan0602
2020-09-17 09:32:35
Жайыңыз жаннатт болсун Калыйбек ага.Артыңызда өлбөс өчпөс керемет ырларыңыз калды.Кыргыз элиңиздин жүрөгүндө түбөлүк жашай бересиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан