20-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 854 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 357 метр куб, суунун агып чыгышы 238 метр кубду түзүүдө. 2012-жылы бул маалда суу сактагычта 17 миллиард 471 миллион метр куб суу бар болчу. Ал эми суунун агып кириши 302 куб метрди, агып чыгышы 209 куб метрди түзгөн.