Жалал-Абад. Облуста 8 айда 2 тонна 293 килограмм баңгизат колго түштү

Жалал-Абад облусунда ОИИБи кызматкерлери тарабынан 8 ай ичинде 2 тонна 293 килограмм баңгизат колго түшүрүлдү. Муну бүгүн, 20-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жыл башынан бери баңгизатка байланышкан 125 кылмыш иши катталып, анын 112сине чара көрүлдү. Ошондой эле республикалык масштабда учурда "Притон" операциясы жүрүп жатат. Иш-чара учурунда Токтогул РИИБинин баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 18-сентябрда болжол менен саат 12:00 чамасында бир жаранды колго түшүрүштү. Текшерүү учурунда кылмышка шектүү жарандан 3 килограмм гашиш табылганы айтылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.       
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан