Ош облустук төрөт үйүнүн иштей баштаганына быйыл 45 жыл толду. Аялдардын ден соолугуна, ымыркайлардын жарык дүйнөгө келишине кам көрүп келе жаткан мекеме 1968-жылы курулган. Төрөт үйүнүн 45 жылдык мааракесин салтанаттуу түрдө октябрь айында белгилөөнү пландап жатканын аталган мекемеден кабарлашты.