Депутаттар Экономика министрлигине лицензияларды берүүнүн санын азайтуу маселесин кайра карап чыгууну сунуштоодо. Мындай пикирин КСДП фракциясынын 20-сентябрдагы жыйынында депутат Алла Измалкова билдирди. Өлкөгө автоунаа алып кирүүгө коюлган чектөөлөр боюнча маселени да карап чыгуу керектигин айтты депутат. Экономика министри Темир Сариев мындай учурлардын баары техникалык регламентке киргизилгенин жана кошумчалоонун кажети жок экендигин айтты.