Ош шаарындагы №5-СИЗОнун китепканасына китеп чогултуу боюнча акция жүрүүдө. Иш-чараны “Позитивдүү диалог” коомдук фонду уюштуруп жатат. Уюштуруучулар шаар жашоочуларын китеп тапшырууга үгүттөшүүдө. Китептер адабий, көркөм, юридикалык, илимий болсо да боло берерин айтып чектөө жок экенини кошумчалашып, “китептерди чогултуу октябрь айынын 20на чейин улантылат”,- дешет уюштуруучулар.