Кыргызстанда 2 миллионго жакын майда жандыктарга бруцеллёз оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлөт
Бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстандагы козу-улактарды бруцеллёз оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүү башталды. Бул тууралуу Айыл чарба жана
мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,
өлкөдөгү 2 миллионго чукул 3 айлык улак-козулар эмделмекчи. “Майда жандыктарды
эмдөөнүн натыйжасында былтыркыга салыштырмалуу бруцеллёз менен ооруган
жарандардын саны 1,7 эсеге азайганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген”,-
деп жазылган билдирүүдө.