Бишкекте экс-мэр Нариман Түлеевдин тарапташтары митингге чыгышты

Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында мурдагы мэр Нариман Түлеевдин тарапташтары митингге чыгышты. Алар соттон мурдагы Түлеевдин ишин адилеттүү карап чыгууну талап кылышууда. Айыпталуучунун туугандары соттун имаратына киргизбей жаткандыгын айтышууда. Сот имаратынын айланасы милиция кызматкерлери менен курчалып турат. Бүгүн шаардык сотто Түлеев жана шаар башкармалыгынын мурдагы жетекчилеринин иши каралууда.  

Эскерте кетсек, 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевдин мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал коррупциялык иштерге айыптуу деп табылды.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан