Нарын. Быйыл облустан 42 адам ажылык зыяратка барат

19-сентябрда Нарын шаарында облус казысы Мамбетасан Ибраев быйыл ажылык сапарга бара тургандар менен жолугушту. Айта кетсек, быйыл облустан 42 адам ажылык зыяратка барышат, анын 31и эркек, 11и аял. Зыяратчылардын эң улуусу 87, кичүүсү 23 жашта, Меккеге баруучулар 27-сентябрда Бишкектеги “Манас” аэропортунан учушат. Нарын облусунда ажылык сапарга барчулардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын билдирет казыят.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан