Социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы жатак-үйлөрдө 2310 адам бар

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы жатак-үйлөрдө 2310 адам бар экендигин аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрликтин системинде 15 жатак-үйлөрү бар. Ал мекемелер 2854 адамга эсептелген. Алардын эң эскиси Токмоктогу №2-психоневрологиялык жатак-үйү болсо, жаңысы 2007-жылы ачылган Сүлүктүдөгү карылар үйү. Бул мекемелердин 14ү мамлекеттик бюджеттен каржыланса, Бишкектеги карылар үйүнө шаар бюджетинен акча которулат. Ал эми 2013-жылга карата бул жайлардагы адамдарды багууга 229 миллион 850 миң 400 сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан