Бишкек шаардык соту бүгүн, 20-сентябрда мурунку мэр Нариман Түлеевдин ишин кароону 27-сентябрда жылдырды. Буга айыпталуучулардын бири Бакыт Сыдыковдун сот жыйынына келбегени себеп болду.
“Учурда Сыдыковдун абалы туруктуу. Дарыгерлер анын 25-сентябрда ооруканадан чыгарын айтышты”,- деди анын жактоочусу.
Эске салсак, 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал коррупциялык иштерде айыптуу деп табылды.