Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Карагачевая көчөсүндөгү турак үйдөн жылан кармалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Министрликтин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары жыланды кармап зыянсыздандырышкан", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин дагы Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан кампанын ичинен жылан чыгып, кийин куткаруучулар тарабынан коопсуз жайга коё берилгендиги кабарланган.