Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы кампадан жылан кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан кампанын ичинде жылан бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге Ысык-Ата районунан 3 куткаруучу тартылып, жыланды кармашкан жана аны коопсуз жайга коё беришкен", - деп билдирди ӨКМдан.