"Ата Мекен" фракциясы "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган долбоорду колдогон жок

"Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында "Кумтөр" боюнча өкмөт менен "Центерранын" сүйлөшүүсүнөн кийин түзүлгөн меморандумду колдобоо чечимин кабыл алды. Фракция депутаттары ошондой эле "Кумтөргө" байланыштуу Жогорку Кеңештин 21-февралдагы токтомунун аткарылышы боюнча Башкы прокуратуранын ишин да канааттандырарлык эмес деп тапты. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев фракция кабыл алган чечим 2009-жылы түзүлгөн келишимди денонсациялоо маселесин күн тартибине автоматтык түрдө алып чыгууга жол ача турганын айтты. Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев чечимди депутаттар өздөрү кабыл ала турганын билдирди.  

    Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.  

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан