"Кыргыз тараптын “Центерра” менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн документтери “Кыргызалтында” болушу керек эле, бардыгы мага 2005-2006-жылы Башкы прокуратура документтерди алганын, кийин прокуратуранын имараты күйүп кеткендиги жөнүндө маалым кат берип коюшканын айтышууда”,- деди бүгүн, 20-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.
Өз кезегинде депутат Болот Шер документтер өзүндө экендигин айтты. Өкмөт башчы эгер ошол документтерди берсе, абдан ыраазы болорун эл өкүлүнө билдирди.
Болот Шер “Кумтөрдөн” түшкөн 2 миллиард 43 миллион доллардын канчасы Кыргызстандын бюджетине түшкөндүгүнө кызыкты. “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Дилгер Жапаров “Кумтөрдөн” түшкөн 10 миллион доллар мамлекеттик бюджетке түшкөнүн айтты. “Эгерде бир дагы документ колуңарда жок болсо, “Центерра” менен кантип сүйлөшүүлөрдү жүргүздүңөр?”- деди Шер. “Өкмөт Башкы прокуратурага мурунку түзүлгөн келишимдердин канчалык деңгээлде туура экендигин текшерүү тапшырмасын берди. Ал эми сүйлөшүүлөр акыркы 3 документтин негизинде жүргүзүлдү”,- деди өкмөт башчы депутаттардын суроосуна жооп берип жатып.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.