Өкмөт башчы: "Кумтөр" боюнча түзүлгөн жаңы долбоорго ылайык, 5 жылда бюджетке кошумча 180 миллион доллар түшөт"

“Кумтөр” боюнча түзүлгөн меморандумга ылайык, 5 жыл ичинде мамлекеттик бюджетке 65 миллион доллардан 180 миллион долларга чейин кошумча пайда түшөт. Муну 20-сентябрдагы “Республика” фракциясынын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. “Биргелешкен ишкана иштей баштаса, бюджетке түшүүчү каражат көбөйөт. 2014-жылы бюджетке кошумча 65 миллион доллар түшсө, 2015-жылы 100 миллион, 2018-жылы 125 миллион доллар, 2019-жылы 180 миллион доллар түшөт”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле Сатыбалдиев 20 жылдан бери бул маселе абдан оор көйгөй болуп келгенин айтты. “Центерра” менен болгон сүйлөшүүдө катачылык кетирбеш үчүн каржы жана экология боюнча консультанттар менен бирге иштедик”,- деди Сатыбалдиев. 

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан