Жалал-Абад. Кесиптик лицейлер эл аралык уюмдар менен иштешип, материалдык базаларын чыңдоодо

Жалал-Абад облусундагы кесиптик лицейлер эл аралык уюмдар менен иштешип материалдык базаларын чыңдоого аракет кылышууда. Лицейлер "Элет жашоочуларынын ишке ийгиликтүү орношуусун жана кирешелерин жогорулатуу үчүн заманбап жана инновациялык кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү" долбоору менен кесиптик лицейлер 2 жылга жакын убакыттан бери иштешип жатат. Муну долбоордун Борбордук Азия боюнча координатору Мурат Исмаилов билдирди. Айтымында, долбоордун бюджети 1 миллион 250 миң сомду түзөт. Анын алкагында №1, №36 жана №89 кесиптик лицейлерге окууга керектелүүчү жабдуулар алынып келинди. "Долбоорго 18 жаштан 40 жашка чейинки жарандар алынып кыска мөөнөттүү билим алышты. Ар бир катышуучу 3 айга 2500 сомдон 6000 сомго чейин төлөйт. Себеби акча төлөсө билим алуудагы жоопкерчилик жогору болот",- дейт Исмаилов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан