"Кумтөр" боюнча келишимге макул болбогон министрлер отставкага кетиши мүмкүн

Кыргыз тилдүү гезиттердин бири жазып чыккандай, Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган "Кумтөр" келишимине каршы кээ бир министрлер отставкага кетиши мүмкүн. Алар: Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов. Мындай шартта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да отставкага кетиши мүмкүн экенин жазат басылма. Басылма жарыялаган маалымат бул жакта.  

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан