Жалал-Абад. Чаткалда алтын казып иштеген компания айылдардын бирине таза суу чыгарып бергени жатат
Чаткалда алтын иштетүү менен алектенген "Фулд Голд Майнинг"
компаниясы аймактагы айылдардын бирине таза суу чыгарып бергени жатат. Райондогу Кызыл-Токой айылы буга чейин таза сууга муктаж болуп келгенин райондун акими Канжарбек Эшалиев айтты. "Калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн компания 34 миллион сом жумшап суу чыгаруу иштерин жүргүзүүдө. Бул ишти 1-ноябрга чейин бүтүрүү пландалууда",- деди Эшалиев.