2009-жылдан бери кыргыз тарап “Кумтөр” долбоору боюнча коррупциялык иштер бар экендигин тастыктай албай келет. Мындай сөздү бүгүн, 20-сентябрда парламенттеги “Республика” фракциясынын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Бул багытта учурда Башкы прокуратура иш жүргүзүп жатканын кошумчалады ал. "Бул маселеге биз саясий гана баа берүүдөбүз. Жакында сот иштери болушу мүмкүн”,- деди өкмөт башчы. Сатыбалдиев эгерде канадалык тарап экологияга зыян келтиргенин Кыргызстан далилдей алса, анда “Центерра” жооп берерин айтты. Ал эми жаңы меморандумга ылайык, экология маселеси чыкса, анда бул маселени эки тарап бирге чечет экен.