Бүгүн, 20-сентябрда Каракол шаарынын Пржевальский мемориалдык комплексинде түрколог Кусейин Карасаевдин музейи ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Айтымында, иш-чарага Карасаевдин жубайы, замандаштары, ЖКнын депутаттары, облус, шаар, район жетекчилери катышты. Алгач Карасаевдин арбагына багышталып куран окулуп, андан соң жаңы салынган музейдин алдында эскерүү митинги болду. Айта кетсек, музейдин курулушу 2012-жылдын август айында башталып, ага 7,5 миллион сом жумшалды.