"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айылы тууралуу сөз болот. Айылдын ажайып кооз жаратылышы, административдик мекемелер, таланттуу инсандары тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Аскат Мокоев баяндап берди.
Жаңы-Жол айылы деңиз деңгээлинен 940 метр бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарынан 3 чакырым батыш тарапта, Таш-Көмүр темир жол бекетинен 186 чакырым алыстыкта жайгашкан.
"Жаңы-Жол айылы 1928-жылдары колхоздоштуруу мезгилинде Тоокарын, Капкаташ, Майбулак кыштоолорунда жашаган элди колхоздоштуруу үчүн жаңы жол салып, азыркы айыл турган жерге кɵчүрүлгɵн. Бул жер эгин айдалган боз талаа болгон. Кɵчүп келгендер кɵчɵлɵргө жайгаштырылып, турак жайлар курулган. Ошондон улам Жаңы-Жол айылы деп аталып калган. Азыркы учурда Жаңы-Жол айыл ɵкмɵтүнүн айыл аймагына Казы-Жар, Итагар, Yч-Чат, Чоң-Жапыртмак, Кичи-Жапыртмак, Кемпирɵлдү, Чара, Кара-Журт жайыт жерлери карайт. Ɵзɵндүү суулардан Чоң-Чычкан, Бала-Чычкан, Кодул суулары аймактын карамагына кирет.
Жаңы-Жол айылы Токтогул суу сактагычына жакын жайгашкан жана Чычкан жайлоосу да алыс эмес болгондуктан айылда жай мезгилинде күндүн температурасы 30-35 градуска чейин жылыйт. Кышкысын суу сактагычтын таасиринен улам кар калын жаабай, жааса да көпкө турбайт. Мына ушундай ɵзүнүн "микро климаты" бар керемет айыл", - деп баяндады Аскат Мокоев.
Айылдын тургундары негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Акыркы күндɵрү суроо-талап жогорулагандан улам балык чарбачылыгы менен да алектенгендер бар.
"Айылыбыздан элибизге эмгеги сиңген мамлекеттик кызматкерлер, согуштун ардагерлери, эл агартуунун мыктылары жана кɵрүнүктүү маданият кызматкерлери чыккан. Алар Абдрахман Султанбаев, Мусулманкул Умаров, Сасыке Тыналиев, Узеке Жолдошбаев. Мындан сырткары кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал өнөр адамдары дагы чыккан. Алсак, белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев Жаңы-Жол айыл аймагында жарык дүйнɵгɵ келген".
Айылда мектеп, китепкана, ФАП, спорт зал, маданият үйү бар.
Токтогул суу сактагычы
Суу сактагычтын жээгинде айыл тургундары дыйканчылык менен алектенишип, күз, кыш мезгилинде малды жайышат.
Айылдык китепкана