Менин жерим: Абасы кымыз жыттанган, айланасы сууга курчалган айтылуу Ат-Башынын Талды-Суу айылы

SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.

"Менин жерим" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылы жөнүндө сөз болот. Аталган айыл жаратылышынын кооздугу, климаты менен өзгөчөлөнүп турат. Талды-Суу айылы тууралуу маалыматты айылдын тургуну Жолдубай Тентимишов айтып берди.

"Талды-Суу айылы Нарын шаарынан 95 чакырым, райондун борборунан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн борбору. Айылда 378 түтүн, 1 миң 635 калк жашайт. Ат-Башы суусунун сол куймасы Богоштунун боюнда жайгашкан. 1927-жылы негизделген.

Талды-Суу деп аталып калышынын себеби айыл - сууга, булакка, тал-терекке, бак-даракка бай. Айылды тең экиге бөлүп турган Жарык-Таш суусу бар. Мына ошол суунун жээгинде чычырканак, ит мурун өсөт. Андан сырткары айылдын четинде Ийри-Суу суусу орун алган. Тегерек Булак деген белгилүү булак бар. Илгертеден ал жерди ата-бабаларыбыз мазар кылып сыйынып келишкен. Касиеттүү жер. Талды-Суу айылы - бейиштин төрүндөй керемет аймак. Айылдын таза абасы, ажайып кооз жаратылышы, мөлтүр тунук булак суусу жашоого дем берип, күч-кубат тартуулайт. Бугу эненин мүйүзүндөй ак мөңгүлүү бийик-бийик тоолорубуз жаратылыштан берилген өзгөчөлүк.

Тоодо керилген карагайлар, четин, бадалдар өсөт. Андагы көк шибер жайлоолорубуз көргөн адамдын көз жоосун алат. Жай мезгили келгенде боз үй тигип жайлоого чыккандар бар. Бээ байлап кымыз ичебиз. Тоодо карышкыр, түлкү, суур, кашкулак, элик жана башка жаныбарлар байыр алган.

Өсүмдүктөрдөн карагай, арча, карагат, чычырканак, бүлдүркөн, ышкын, ит мурун, четин жана дары чөптөрдөн ак кодол, бака жалбырак, алтын тамыр, көкө мерен өсөт. Жыл сайын август айынын аягынан баштап аталгандарды теребиз. Кургатчусун кургатып дарычылыкка пайдаланабыз, карагат, чычырканактан кыям жасайбыз. Булардын дарылык касиети жогору, организмге абдан пайдалуу".

Айылда кыш мезгили кеминде 6 айга чейин созулуп, кар калың түшөт. Жаз кеч келип, жай мезгили кыска гана убакытка өкүм сүрөт. Мына ошол кыска аралыкта айылдын эли кышкыга кам көрүп, оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп калганга аракет кылышат. Эс алганга да убакыт тийбей, кантип кыш келип калганын байкабай калган учурлары кездешет. Мөмө-жемиш өспөйт. Басымды картошка, сабиз, сарымсак, арпага жасашат.

Негизинен мал чарбачылыгы менен оокат кылышып, жылкы, кой, уй, эчки багышат.

“Ырыскы” бала бакчасы

Карапайым калк үчүн унаа жолдорун эске албаганда жакшы шарттар каралган. Заманбап үлгүдөгү мектеп курулган, оңдоп-түзөө иштерин жасап, бала бакча иштейт. Айыл өкмөтүнүн имараты, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, почта жана дарыкана бар. Айылдын эли жаңылыктар менен дайыма кабардар. Интернет кызматы да жакшы иштейт.

"Ааламга кетчү жол айылдан башталат" деп бекеринен айтылбаса керек. Биздин мектепте билим деңгээли жогору мугалимдер иштешет. Алардын үзүрлүү эмгегинин натыйжасында окуучулар мектепти ийгиликтүү аяктап, жакшы жетишкендиктерге жетишүүдө. Азыркы учурда эстрада ырчысы Аксай Мукамбет уулу, Калыс Жакыпов, фольклор ырчысы Майрамбек Базарбаев биздин айылдын балдары. Ал эми сиздерге жөнөткөн сүрөттү менин кызым тарткан, өзү жаш режиссёр. Жакында эле Египеттен документалдык фильмдердин фестивалынан Гран-Прини утуп келди.
Мектеп окуучуларынан да республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга катышкан окуучуларыбыз жок эмес. 6-класстын окуучусу Азим Жумакадыров шахмат боюнча балдар арасындагы республикалык жана президенттин кубогунун мыкты катышуучусу аталды. Алыскы, тоолуу аймакта жашаганыбызга карабай, ушундай жетишкендиктердин болуп турганы биз үчүн чоң сыймык.
Акыркы учурда жаштарыбыздын элет жерине ыктап, топтогон билимин, тажрыйбаларын туулуп-өскөн жерине жумшап, айылга келип иш алып баргандары кубандырууда. "Эжени көрүп сиңди өсөт, байкени көрүп ини өсөт" дегендей байке-эжелеринен жаш муундарыбыз үлгү алып, алдыга умтулгандары жүрөгүбүздү жылытат.
Майрамдарда, бош убактыларында жаштар футбол, волейбол, хоккей, ордо оюндарын ойношуп, мелдештерди өткөрүп турушат", - дейт айылдын тургуну.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.

Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!

Менин жерим. Ат-Башынын Талды-Суусу тууралуу айтып беребиз
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан