"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылы тууралуу сөз болот. Айылдын өзгөчөлүктөрү, климаты, элдин чарбачылыгы жөнүндө
SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун
Адина Молдоярова баяндап берди.
Кара-Жыгач айылы Ош-Бишкек жолунун ортосунда, Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Айылда болжолдуу 3 миңден ашык калк жашайт.
"Кызыл-Жазы айылын суу басып, эл ушул Кара-Жыгачка көчүрүлөт...
Биздин айылдын тарыхы ушундай башталат. Аты эле айтып тургандай айылыбыздын ордунда жалаң кара жыгачтар өсүп турчу экен. ГЭС курула турган болуп, Кызыл-Жазы айылын көл баскан соң, эл Кара-Жыгачка көчүп келишет. Кара-Жыгач таштак жер болуп, буудай аңызы болчу экен. Кара жыгачтар көп болгон себептүү айылыбыздын аты да ошондой аталып калган. Улуулардын айтканы боюнча айылдын аталышы тууралуу ар кандай уламыштар да бар.
Биздин айыл деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте, негизинен, тоолуу аймакта жайгашкан. Тоолуу аймактын күнгөй тарабында жайгашкандыктан кышы жылуу, жайы ысык. Айылдын түштүк-батыш тарабынан Нарын дарыясы агып өтөт, ушул себептен да кышында маал-маалы менен шамал болуп, кар токтобойт. Климаты кургакчыл. Башка айылдардан айырмаланып, айылыбыз Бишкек-Ош жолуна жакын жайгашкандыктан башка региондор менен транспорт байланышында маселе жаралбайт".
Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет. Жайкысын жайлоого чыгышат.