Депутат Эркингүл Иманкожоева «Айлана-чөйрөнү коргоонун мыктысы» төш белгиси менен сыйланды

Депутат Эркингүл Иманкожоева бүгүн, 20-сентябрда «Айлана-чөйрөнү коргоонун мыктысы» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Аны КСДП парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынына жетекчилик кылган депутат Дамира Ниязалиева тапшырды. Иманкожоева мындай сыйлыкка арзыган эл өкүлдөрүнүн алгачкысы болду. Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындай сыйлык менен аталган тармактын алдынкылары жана жаратылыштын келечек тагдырына кайдыгер карабаган жарандар сыйланат. Депутат Эркингүл Иманкожоева жаратылыш, экологияны сактоо жана коргоо жаатындагы мыйзам долбоорунун үстүндө жигердүү иштеп, айрымдарына демилгечи болгону үчүн аталган сыйлыкка татыктуу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан