Парламенттеги "Республика" фракциясы 20-сентябрдагы жыйынында Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган "Кумтөр" боюнча меморандумду өкмөттүн берген маалыматын эске алуу менен жалпы жыйында кароо чечимин кабыл алды. Муну аталган фракциянын катчылыгы кабарлады. Айта кетсек, фракцияда меморандум боюнча Жантөрө Сатыбалдиев маалымат берди. Меморандумга ылайык, ишканадагы пайда эки тарапка теңме-тең бөлүнмөкчү.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.