21-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +7...+12°C
Талас облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +4...+9°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +12...+17°C
Баткен облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +10...+15°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +13...+18°C, түнкүсүн +6...+11°C
Нарын облусунда күндүз +16...+21°C, түнкүсүн +1...+6°C
Бишкек шаарында күндүз +20...+22°C, түнкүсүн +9...+11°C
Борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт.