Асылбек Жээнбеков: "CASA-1000” долбоору ишке ашса, Кыргызстан электр энергиясын чет өлкөгө экспорттой баштайт"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 20-сентябрда Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Абдул Матин Ханды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты жандандыруу маселелерине токтолду. Төрага Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында маанилүү багыттардын бири болгон энергетика маселеси тууралуу пикирин айтты. “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу менен, Кыргызстан электр энергиясын Пакистанга, Ооганстанга жана башка өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк алат. Кытайдан Кыргызстан аймагы аркылуу өтүүчү темир жолдун курулушунун алкагында Тажикстан аркылуу Ооганстан тарапка темир жолун куруу пландаштырылууда. Бул долбоор жакынкы коңшулар, анын ичинде Пакистан аймагы менен экономикалык байланыштарды бир топ бекемдетет”,- дейт Жээнбеков.

Элчи төрагага Пакистан парламентинин төрагасынын Пакистанга иш сапар менен келип кетүү үчүн расмий чакыруусун тапшырды. Элчи азыркы тапта бир катар эки тараптуу келишимдер кол коюуга иштелип жаткандыгын маалымдады. Ал “CASA-1000” долбоорунун алкагында электр кубатын берүү чубалгыларынын курулушуна катар, экономикалык мамилелерди да жандантууга көмөкчү боло турган унаажолдорду калыбына келтирүү чаралары белгиленгендигин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан