ӨКМ: Бишкекте өрт чыккан имараттын 480 чарчы метри күйүп кетти
20-сентябрда Бишкектин Исанов көчөсүндөгү өрттөнгөн көп кабаттуу имараттын 480 чарчы метр аянты күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Айта кетсек, саат 20:30 чамасында чыккан өрттү токтотууга 5 өрт өчүрүү бөлүмү иштеп, саат 23:20 чамасында толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. ӨКМ өткөн суткада өлкө боюнча 23 өрт кырсыгы болгонун кошумчалады.