Муфтият: Кыргызстанда 67 диний окуу жай мамкаттоодон өттү

Кыргызстанда диний багытта билим берген 67 окуу жай мамлекеттик каттоодон өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады. Муфтиятта түзүлгөн атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин 67 окуу жайдын 55ине уруксат берилди. Зарыл болгон материалдык шарттын жоктугунан калган 12 мекеменин иши убактылуу токтотулуптур. "Муфтият тарабынан 2013-2014-окуу жылына карата бардык диний окуу жайларга бирдей окуу программасы киргизилди. Программада диний сабактардан тышкары математика, кыргыз жана орус тилдери, информатика, география сыяктуу предметтер да окутулат",- деп билдирет муфтият.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан