Бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги улуттук китепканада Япониядагы мектептердин жарманкеси болду. Ага Япониянын ар кайсы шаарынан келген 10 япон тилин үйрөтүүчү, жогорку окуу жайларга даярдоочу мектептердин өкүлдөрү келип катышты. Иш-чараны билим берүү жана илим министри Канат Садыков ачты. "Япония ар тараптуу өнүккөн өлкө. Биздин жаштардын Япониядан билим алып, тажрыйба топтоп келүүсү биз үчүн абдан пайдалуу. Мен бул жерде неберелерин жетелеп келген чоң аталарды, балдары менен жүргөн ата-энелерди көрүп турам жана бул көрүнүш мени абдан кубандырды. Иш-чараны Борбор Азияда биринчи жолу уюштуруп жаткан Кыргызстандагы жападан жалгыз "Саат билим" япон мектебине ыраазычылык билдирем",- деди министр.