Бүгүн, 21-сентябрда Улуттук китепканада Япониядагы мектептердин жарманкеси болуп өттү. Мындай иш-чара Борбордук Азияда биринчи ирет болуп жатат. Жарманкенин катышуучусу, Япон тилин үйрөтүүчү "Киото Минсай" мектебинин президенти Хисао Кашивагинин (сүрөттө) айтымында, былтыр Кыргызстандагы "Саат билим" япон мектеби аркылуу барган алты окуучу аталган мектептен билим алышты. "Биз Кыргызстанга биринчи жолу келдик. Бирок былтыр Кыргызстандан барган окуучулардын бири учурда билим алууда. Ал эми бешөө мектепти бутуруп келишти",- дейт Кашиваги.
Кошумчалай кетсек, аталган мектепке 18 жаштан 30 жашка чейинки, япон тилин билбеген жаштар да тапшыра алышат. Окуу келишимдик негизде жүргүзүлөт.