"Супер-Инфо" гезитинин кабарчысы Япониядан 2 апта окуп келүүгө жолдомо утуп алды
Бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги улуттук китепканада Япониядагы мектептердин жарманкеси болду. Ага Япониянын ар кайсы шаарынан келген 10 япон тилин үйрөтүүчү, жогорку окуу жайларга даярдоочу мектептердин өкүлдөрү келип катышты.
Иш-чарада Япониядагы атайын мектептен 2 апта акысыз билим алып келүүгө лотерея ойнотулуп, "Супер-Инфо" гезитинин кабарчысы Гүлмайрам Сабырбекова жеңүүчү болду. "Лотерея алгам, бирок жеңүүчү болом деп ойлогон эмесмин. Күтүүсүз болду, буюрса, апрель айында Япониянын Осака шаарындагы "One purpose International Academy" мектебинде эки апта акысыз окуп келем",- дейт кесиптешибиз.