Бишкектин "Тазалык" ишканасы салык үчүн 26 миллион сом карыз

Өлкөдө салык төлөөчү ишканалардын карызы 1-сентябрга карата 295 миллион 219 миң сомду түздү. Муну Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Бишкекте "Тазалык" ишканасынын карызы 26 миллион сом, "Кыргызгаздыкы" 36,5 миллион сом. Борбор шаардагы бардык ишканалардын карызы 66 миллион 443 миң сомду түзөрү айтылды. Ысык-Көл облусундагы "Күрмөнтү завод" ишканасы салык үчүн 13,8 миллион сом, Жалал-Абаддагы "Тандем-Плюс" ишканасы 30 миллион сом, Нарындагы "Нарынгидроэнергокурулуш" ишканасы 24,2 миллион сом карыз экенин Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Булардан башка да бир катар ишканалардын салык үчүн ири өлчөмдө карызы бар.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан