Ырысбек Маткабылов Бишкек шаарындагы Ленин районунун башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгонун 23-сентябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин бул кызматта Алтынай Өмүрбекова иштеп келгени белгилүү. Өмүрбекова Свердлов районунун башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.