Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесине карата борбор шаарда гүлдөр жарманкеси өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Фестиваль шаардык муниципалитеттин колдоосу менен ишке ашып, анда шаардагы мыкты коллекционерлердин идишке жана бакка отургузулган гүлдөрү көрсөтүлөт. Бир күнгө пландалган жарманке 27-сентябрда саат 10:00дө Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орун алат.