Бүгүн, 23-сентябрда ушул жылдын 25-августунда жол кырсыгынан каза болгон милиция кызматкери Абдырауп уулу Азаматтын жакындары маалымат жыйын өткөрүштү. Алар сот органдарына нааразы. Маркум милиция кызматкеринин апасы Саламат Зулпуева “24-августта Азаматтын мурда чогуу иштеген досу Алтынбек Адрахманов үйдөн чакырып кетип, эртеси баламдын өлүгүн алып келишти”,- дейт. Күнөөлүүлөр жазасын алсын деген маркумдун жакындары бир айдан бери телефондогу суйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы чыкпай жатканын айтышат. "Баламды өлтүргөндөр учурда эркиндикте жүрүшөт. Кылмышка шектүү делген Замир Набиев, Замир Маткаримов, Жоодар Ниязов өз жазасын алышсын",- дейт эне.