Жалал-Абад. ОИИБ тил майрамына карата иш-чара өткөрдү.

Жалал-Абад  ОИИБнин  жетекчилиги  демилге  көтөрүп,  23-сентябрь - Мамлекеттик  тилдин  кабыл  алынганына  24  жыл  толгон  майрамына  карата  21-сентябрда "Мекеним  менин - Кыргызстан!" аттуу  чоң  профилактикалык  иш-чаранын  алкагында  Ачык  эшиктер  күнүн өткөрүштү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан маалымдашты. Өткөрүлгөн  иш-чарага Жалал-Абад  шаарынын  мэриясынын,  массалык маалымат  каражаттарынын,  бейөкмөт  уюмдардын,  ЭККУнун  Жалал-Абад  облусу  боюнча  коомдук  коопсуздук  демилгелүү  тобунун  өкүлдөрү, ошондой эле облустук мамлекеттик  тил  комиссиясынын  кызматкерлери,  ЖАМУнун, Эл  аралык  университетинин, Экономикалык  ишкердүүлүк  университетинин  ректоратынын,  деканатынын  жетекчилери,  окутуучулары  жана  студенттери, № 75-лицейинин   мугалимдери  жана  окуучулары  катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор Жалал-Абад  ШИИБнин  убактылуу  кармоочу  жайы  менен  таанышып,  укук  тартибин  сактоо,  кылмыштуулуктун  алдын  алуу,  жаман  жосундарга  жана  кылмыш  иштерине  барбоо  боюнча,  кылмыштын  арты  өкүнүч  экени  түшүндүрүлду. Ошону менен катар  Жалал-Абад  ОИИБнин  кайгуул-күзөт  кызматы  жана  ички  аскерлердин "Шер"  атайын  оперативдик  топтору өздөрүнүн  машыгууларын көрсөтүп, аягында   спорттук  оюндардын, жаш  өспүрүмдөрдү  алпарган экскурсиялардагы  сүрөттөрү  мукабаларында  тартылган,  ичинде  өспүрүмдөргө  тиешелүү  мыйзамдардын   беренелери  жазылган  дептерлер  белекке  берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан