20-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шаардын Навои көчөсүндө сойку кыздарды иштеткен "Үй-бүлөлүк мончо" табылды. Мончонун администратору мончого өзүнүн тааныш кардарларын гана киргизип, кыздар аларга кызмат көрсөтүп келген. Бул күнү администратор кезектеги кардарынан 1000 сом алып жаткан учурда кармалды. Факты боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды.