Жантөрө Сатыбалдиев: "Болот Шер 2003 жана 2009-жылдардагы "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн документтерин бере турган болду"

"Болот Шер 2003 жана 2009-жылдардагы "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн документтерин бере турган болду",- деп билдирди 23-сентябрда "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев. "Кумтөргө" байланыштуу экология маселеси боюнча Сатыбалдиев буларды айтты: "Нарын дарыясын "Кумтөр" булгап жатабы же бизби, бул чоң суроо. "Кумтөрдөгү" экологиялык кырдаалды адис изилдеп, аныкташы керек". Депутат Болот Шер журналисттерге: "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында бардык документтер күйүп кетиптир дешти эле, бирок алар бар",- деди. Документтерде түп нускалары да, көчүрмөлөрү да бар экенин айткан Шер материалдарды премьер-министрге бере турганын билдирди.   

Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан